«Түндүкэлектр» ишканасы 2.5 млн сомго балдар үчүн белек алат

19 ноября 2019, 17:30

ААК «Түндүкэлектр» балдар үчүн Жаңы Жылдык белектерди даярдоодо.  Бул үчүн атайын тендер жарыяланып, шарты мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

 «Түндүкэлектр» ишканасы 2.5 млн сомго балдар үчүн таттууларды алмакчы. 

Андан сырткары, ноябрь айында бөлүштүрүүчү компания компьютердик жабдыктарды 878 миң сомго, 612 миң сомго лампа жана 93.1 миң сомго дары-дармек алып берууну көздөйт.