"Түндүкэлектр" ишканасы мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферманы аныктады

22 июня 2021, 16:00

"Түндүкэлектр" ишканасы Ысык-Ата районунун Жер-Казар айылындагы таш майдалоочу жайдын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферманы аныктады. 

Күтүлүп жаткан кубаттуулуктун жетишсиздигине байланыштуу, өкмөт жана улуттук энергохолдинг компаниясы тарабынан майнинг-ферма үчүн техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган. 

Абонент кубаттуулугу 1000 киловатт трансформатордук көмөкчордондон майнинг иштетүү максатында электр энергиясын мыйзамсыз сарптаган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында көрсөтүлгөн объект электр кубатынан ажыратылды, абоненттен электр энергиясын пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы үчүн эсеп алынат.

Майнинг-фермаларды аныктоо үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарында рейддик текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.