Шаарды жасалгалоо, фейерверк ж.б. бюджеттен 2 млн 700 миң сом коротулат

31 августа 2020, 09:30

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгын белгилөө үчүн «Ала-Тоо» аянтынын «Илбирс» имаратынын сыртына майрамдык баннерлер илип, жасалгалады. Бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. 

Андан сырткары, Чүй жана Манас проспектилери, Чүй проспектиси жана Абдрахманов көчөсүнүн, Манас проспектиси жана Ахунбаев көчөсүнүн кесилиштерине КАФтар орнотулду.



«Ала-Тоо» борбордук аянтын, агропром, улуттук филармониянын имараттарын ак-көк түстөгү желектер кооздойт, Манас проспектиси Жибек Жолу проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Чүй проспектиси боюнча Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин ачык түстөгү желектер илинди», - деп жазылат маалыматта. 



Маалыматка ылайык  шаарды жасалгалоого, иш-чараларга жана фейерверкке 2 миллион 700 миң сом коротулат.