Шайлоого көчмө урналарды сатып алуу үчүн 6.3 млн сом бөлүнөт

18 декабря 2020, 09:40

Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы көчмө урналарды, жылуулук кагаздарын сатып алууга, ошондой эле USB жана SD-дисктерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

 

 

Тендердин жалпы суммасы 7 млн 810 миң 250 сомду түзөт. 

Жалпы сумманын ичинен 6.3 млн сом көчмө урналарды сатып алууга жумшалат.