БШК: 1%дан жогору добуш алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылат

10 января 2021, 15:30

Президенттик шайлоодо 1%дан жогору добуш алган талапкерлерге БШК шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Баатырова билдирди.

 

 

Эскерте кетсек, шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 млн сомду түзөт. Учурда президенттикке 17 талапкер ат салышууда.

Буга чейин президенттикке талапкерлердин шайлоо фондусуна канча каражат түшүп, чыгымдалганы айтылган.