Шайлоонун толук жыйынтыгы 20 күнгө чейин белгилүү болот

10 января 2021, 14:02

Шайлоонун толук кандуу жыйынтыгы 20 күнгө чейин чыгарылат. Бул тууралуу Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди. 

 

 

Анын айтуусуна караганда 11-январда таңкы саат 6:00гө чейин добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары толук келип түшөт. Ал 20 күнгө чейин кол менен эсептелип, андан кийин гана толук кандуу жыйынтык чыгарылат.

Ал эми бүгүн, саат 20:00дө Кыргызстандагы шайлоо тилкелеринин жана чет өлкөдөгү айрым шайлоо тилкелеринин жыйынтыгы боюнча болжолдуу жыйынтыгы айтылат.