Шайлоого катышпагандарга айып пул салынбайт

30 ноября 2023, 12:30

Кыргызстанда шайлоого катышпагандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору артка кайтарылды.

Парламентте белгиленгендей, документ толукталып кайра талкууга коюлат.

Эске салсак, тиешелүү мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга чыккан. Анда олуттуу себеби жок шайлоого барбай койгон адамга 5 миң сом айып салуу сунушу жазылган.