Өзбекстан ЕАЭБге кирбей турган болду

21 января 2020, 10:00

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Олий мажлиси жыйынында ЕАЭБ (ЕАЭС) тууралуу ачык пикирин билдирген. Анда президент өлкөнүн көз краандысыздыгы менен улуттун идеологиясы алдыңкы орунда турарын баса белгилеген. Бул тууралуу Super.kg маалымат сайты чет элдик басылмаларга таянып, жазып чыкты. 

Олжи мажлиси жыйынында Мирзиёев: "Биздин көпчүлүк жарандарыбыз чет өлкөлөрдө, Казакстанда, Орусияда иштешет. Биз бул абалга кайдыгер боло албайбыз. Эч ким эч качан бирөөгө көз карандысыздыкты бербейт. Көз карандысыздык эл ишенген президенттин колунда. Биз аталган бирикменин мүчөсү боло албайбыз", - деп билдирген.

"Биз көрүүчү катары бирикменин кандай кемчилиги жана артыкчылыгы бар экенин байкап көрөбүз. Владимир Владимирович менен Санкт-Петербургда көп нерсени макулдаштык. Ишенип коюңуздар, биз эмне кылсак да улуттук кызыкчылыкты эске алабыз", - деп сөзүн жыйынтыктаган Шавкат Мирзиёев.