Мыйзамсыз акча алмаштырган алты кыргызстандыкка айып салынды

29 марта 2024, 15:28

Улуттук банктын Ош облустук башкармалыгы алты жаранга айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Лицензиясыз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн бир адамга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.