Мектептердеги чарбалык муктаждыктарга кошумча 137 млн сом бөлүнөт
Каржы министрлиги мектептердин экономикалык муктаждыктарына кошумча 137 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы билим берүү тармагына жалпысынан 67 млрд сом бөлүнөт.
Кошумчалай кетсек, Министрлер кабинети 2024-жылы мектеп окуучуларынын ата-энелеринен экономикалык муктаждыктар үчүн каражат алынбайт деп убада кылууда.