Биринчи Май районунун мектептери 21 млн сомдук азык-түлүк сатып алат

22 марта 2024, 10:20

Биринчи Май райондук билим берүү борбору 2024-жылдын экинчи кварталына азык-түлүк сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин жалпы суммасы 21 млн 74 миң сомду түзөт.

Бул акчага Биринчи Май районунун мектептерине азык-түлүк берүү пландалууда.