Аба каттамдар өлкөдөгү эпидкырдаалды эске алуу менен кабыл алынат

12 июня 2020, 09:00

Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штаб бир катар чет мамлекеттердин туруктуу эл аралык, анын ичинде Кыргыз Республикасына/Республикасынан аба каттамдарды жандандыруу чечимин жарыялагандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

 

Кыргызстандан/га эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чечим штаб тарабынан өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана анын курчушу мүмкүн экендигин эске алуу менен кабыл алат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасына/Республикасынан чартердик каттамдарды уюштуруу зарылдыгына жараша улантылат.