Штаб: Катардан келген гуманитардык жардам сатылган жок

18 августа 2020, 09:20

Катар мамлекетинен келген гуманитардык жардам сатылган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты. 

 

Катар мамлекети берген 420 даана кычкылтек концентратору дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин кампасында турат. Алар КР Саламаттык сактоо министирлигинин чечими менен гана республикадагы медициналык мекемелерге таратылмакчы. Бул тууралуу мекеменин дары-дармектерди сактоо секторунун жетекчиси Өскөн Стамкулов билдирди. Ал соцтармактарда тарап жаткан «Катардан келген гуманитардык жардам сатылып жатат» деген маалыматты расмий түрдө төгүндөдү.

 Белгилей кетсек 2020-жылы 3-августта Катар мамлекетинен Кыргызстанга жалпы наркы 250 миң доллар турган 420 даана кычкылтек концентратору берилген.