Укук коргоо кызматкерлерине чет жерден банктык эсеп ачууга тыюу салынды

11 сентября 2019, 11:00

Учурда КР корупцияга каршы күрөшүү иштери толугу менен жүрүп жатат. Буга карата укук коргоо кызматкерлерине чет өлкөдөн банктык эсеп ачууга тыюу салынды.  Бул берене “КР укук коргоо кызматкерлеринин кызмат өтөө жөнүндөгү” Мыйзамына киргендиги тууралуу КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. 

УКМК, прокуратура, сот кызматкерлерине коюлган чектөөлөр жана өзгөртүүлөр мыйзамга  Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан иштелип чыкты.