Жазаларды аткаруу кызматы 24 млн сомго курулуш материалдарын сатып алат

8 ноября 2022, 13:17

Мамлекеттик “Көчмө механикалаштырылган колонна” ишканасы 23 млн 774 миң 829,2 сомдук курулуш материалдарын сатып алууну пландоодо. Тиешелүү арыз  мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылды.

Мекеме жылытуу казандарын, сантехника, темир-бетон буюмдарын,терезе жана эшиктерди, витраждарды, канализация жана суу менен камсыздоо үчүн материалдарды сатып алууну пландоодо.

Сатып алынган курулуш материалдары Чүй облусунун Молдовановка, Новопокровка жана Петровка айылдарында, ошондой эле Нарын жана Каракол шаарларында жайгашкан Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелерине арналган.