Вице-премьер-министр: 2020 – жылдан тарта күйүүчү майдын ар бир литрин эсептеген система киргизилет

7 октября 2019, 13:32

2020 – жылдын январь айынан тарта ар бир май куюучу жайда, күйүүчү майдын ар бир литрин эсептеген аспап орнотулат. Бул тууралуу вице-премьер – министр Замирбек Аскаров Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында 2018 – жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу мыйзам долбоорун карап жатып билдирди.


ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов («Республика-Ата-Журт») бюджетке салыктын түшпөй жаткандыгы тууралуу маалымдап, кээ бир аймактарда күйүүчү май ачык эле көчөлөрдө сатылып жатканын кошумчалады. 

«1 – январдан тарта аткезчилик менен ташылып келинген күйүүчү майларды толугу менен текшерүүгө алабыз», - деп билдирди премьер-министр.