Милиция кызматкерлеринин айлыгы аз – Кадырбеков

2 ноября 2022, 11:24

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандын ички иштер кызматкерлерин каржылык жактан камсыз кылуу маселесин көтөрдү.

Кадырбеков милиция кызматкерлеринин айлык акысы аз экенин белгиледи. 

“Биз уктасак, алар уктабайт. Биз эс алганыбызда жамгыр, туман, кардын астында иштешет. Үйү, батири жоктор көп. Көптөгөн милиция кызматкерлери батирди ижарага алып жашайт. Келгиле, аларга жардам берели”, - деди ал.

Кадырбековдун айтымында, ал укук коргоо кызматкерлерин абдан сыйлаган АКШ, Түркия жана Японияда билим алган.

“Кудай сактасын, бирок чек арада бир нерсе болуп кетсе, алар биринчи барышат”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, ал Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин өтүп кеткен майрамы менен куттуктады.