ЕАЭБ өлкөлөрүндө өсүмдүктөрдүн баасы жогору болууда

4 ноября 2022, 10:37

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өсүмдүк өстүрүү тармагындагы баалар быйыл сентябрь айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6%га өстү. Бул тууралуу Евразиялык Экономикалык комиссиясы билдирди.   

Өсүмдүк өстүрүү тармагында өндүрүүчүлөр койгон баалар бардык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жогорулаган. Алсак, баанын эң чоң өсүшү Беларуста (30,8%га) жана Казакстанда (22,9%га) катталган. Кыргызстанда өсүш 7,4%ды түзсө, Арменияда (7,2%) жана Россияда (0,5%) азыраак болгон.

ЕАЭБдин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы бардык азыктардын ичинен эң арзаны помидор (331 доллар) жана бадыраң (467 доллар) турат.