Соттор 9 миллионго кагазга сатып алышабы?

25 июня 2019, 11:19

Жогорку Сотко караштуу сот департаменти Кыргызстанда кагаз сатып алууга сынак жарыялап, ага 9 миллион сом сарптарын жазышкан. 

Кечээ, 24-июнда мамлекеттик сатып алуулар порталында кагаз сатып алууга тендер жарыялашкан. Анда Сот департаменти А4 форматындагы ак кагазды 34.4 миң  таңгак алууга арыз беришкен. Бул кагаздар үчүн Жогорку Сот системасы 9 миллион 39.5 миң сом коротору жазылган. 

Сынак 15-июлга чейин уланып, жеңүүчүлөр аныкталат.