ЕАЭБде саламаттык сактоо кызматкерлери канча айлык алары айтылды

10 сентября 2021, 14:26

Евразия экономикалык биримдигинде саламаттык сактоо жана социалдык кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 432,6 долларды түзөт, деп жазды ЕЭК.

Ошол эле учурда Кыргызстанда бул тармактагы кызматкердин айлыгы болгону 130 доллар, бул ЕАЭБ көрсөткүчүнөн 69,9% га аз жана Орусиядагы эң жогоркудан 80,4% га төмөн.

Белгилей кетсек, биримдикке мүчө болгон бардык мамлекеттерде медициналык кызматкерлердин эмгек акысы республикалык орточо көрсөткүчтөн төмөн, болгону Арменияда орточо көрсөткүчкө эң жакын.