“Кыргызалтындын” алтын куймалары сатыкка чыкты, Улуттук банк баасын жарыялады

8 февраля 2022, 09:04

Улуттук банктын сайтындаКыргызалтынишканасы тарабынан даярдалган аффинаждалган алтын куймаларынын сатуу баасы тууралуу маалымат жарыяланды.

Ошентип, 7-февралда 12 кг 33,5 граммдан 13 кг 76,6 граммга чейинки куймалар сатыкка чыкты.  Эң кичине салмактагы ушундай куймалардын биринин баасы 59 млн 208 миң 476,32 сомду, же 698 миң 219,7 долларды түздү.

Эске салсак, 1-февралдан тарта Улуттук банк ички рынокто салмагы 10,9 килограммдан 13,4 килограммга чейинки аффинаждалган алтын куймаларын сата баштаган. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүүжана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) алтынды сатуу, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу аркылуу нак эмес формада ишке ашырылат. 

Кошумчалай кетсек, бул аффинаждалган алтын куймаларын Улуттук банк кайра сатып алып албайт.