«СМАРТ Салым» патентти аралыктан каттоо мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

3 сентября 2021, 12:30

Мамлекеттик салык кызматы "СМАРТ салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында электрондук патентти каттоого жана мобилдик тиркемелер аркылуу бул этапта MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Эми салык төлөөчүлөр салык органына барбастан алыстан патент тапшырып, баасын эсептеп жана смартфондун жардамы менен төлөм жүргүзө алышат.

Чоо-жайын жана төлөмдүн өлчөмүн сервис автоматтык түрдө түзөт, сиз жөн гана бүтүмдү ырасташыңыз керек.