Өсүмдүк майы дагы кымбатташы мүмкүн

11 ноября 2022, 14:10

Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн. Буга Министрлер кабинетинин өсүмдүк майына карата кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын алып салуу боюнча токтом долбоору себеп болушу мүмкүн. Аталган токтом Министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды. 

Кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын алып салуу менен импорттун кирешесин 117 миллион сомго көбөйтүү пландалууда. Былтыр 2021-жылы КНСтин нөлдүк ставкаларынан бюджеттин чыгымы 2 миллиард 343 миллион сомду түзгөн. 

Долбоордун демилгечилери Министрлер кабинетинин бул долбоору кабыл алынбаса, белгиленген сумманын салыкка түшпөй калуусун айтып, бюджеттин азайып кетүүсүн боолгошууда. 

Кошумчалай кетсек, кечээ Экономика жана соода министрлиги социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасы турукташып, өсүмдүк майынын баасы арзандаганын билдирген. Октябрь айында майдын бир литри орточо эсеп менен 154 сомдон сатылса, учурда орточо баа 153 сом болууда.