«Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы алмашты

25 ноября 2022, 10:51

“Айыл Банк” ААК башкармалыгынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, директорлор кеңешинин 22-ноябрда кабыл алынган чечими менен ушул жылдын августунан бери ушул кызматты аркалап келген Максат Эржанов банктын башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. 

Анын ордуна Тилек Алимжанов дайындалды.

Кошумчалай кетсек, “Айыл Банк” ААК 100% мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик коммерциялык банк болуп саналат.