Түндүк-түштүк унаа жолунун сметалык баасы 937 млн доллардан ашты

15 июня 2021, 12:30

Түндүк-түштүк унаа жолунун курулушунун баасы 937 миллион доллардан ашты, деп билдирди Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев.

Анын айтымында, долбоордун болжолдуу наркы 937,5 млн долларды түзсө, анын 857,4 млн доллары насыя, 46,2 млн доллары грант. Бул акчаны Кытайдын Эксимбанкы жана Азия Өнүктүрүү Банкы берген. Кыргыз өкмөтү 33,7 миллион доллар кошкон.

Депутат Уланбек Исмаилов жол эксплуатацияга бериле электигин, мамлекет негизги карыз боюнча үстөктөрдү төлөп бериши керектигин белгиледи.

Балыкчы менен Жалал-Абадды бириктире турган узундугу 433 км болгон альтернативдик унаа жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Жол 2023-жылы пайдаланууга берилет деп пландаштырылган.