«SMS TAXI» кызматы 13 миң сом айып пул төлөдү

19 января 2024, 15:21

“SMS TAXI” компаниясына Монополияга каршы кызматы маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн 13 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди. 

Белгиленгендей, такси кызматтары рыногуна талдоо жүргүзүү максатында “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамдын 14 жана 15-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кызмат “Инноа” ЖЧКсынан (SMS TAXI) 2020-2022-жылдарга керектүү маалыматтарды сураган. “Инноа” ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук эмес берген.

Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн “Инноа” ЖЧКсына (SMS TAXI) 13 миң сом өлчөмүндө айып салды.