2019-жыл башынан бери айлык акы 4.8% өскөн

15 апреля 2019, 18:21

 2019-жылдын январь-февраль айларында орточо айлык акы 4.8% жогорулаган. Ошондо, орточо айлык акы 15 миң  226 сом болгонун Кыргызстандын  Улуттук Статкому билдирди. 

Март айында Кыргызстанда жумушсуз деп катталган адамдардын саны  79.4 мин адам жана 2018-жылдын дал ушул мезгилине салыштырганда 28.3% өскөн.