Жыл башынан бери пенсияларды төлөөгө 41,8 млрд сом бөлүндү
Ушул жылдын январь айынан октябрга чейин пенсияларды төлөөгө 41 миллиард 775,2 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен октябрь айында пенсия жана жөлөкпулдарды каржылоого 4 миллиард 447,9 миллион сом төлөнгөн.
Ошол эле учурда пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарына 7 млрд 650,2 млн сом жана 7 млрд 168,6 млн сом жөнөтүлгөн.