Ири жана орто бизнес өз кызматкерлерине 199 млн сом карыз

25 мая 2023, 08:51

Кыргызстанда ишканалардын эмгек акы боюнча карызынын жалпы көлөмү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,1%га азайды.

Карыздын жалпы көлөмүнүн олуттуу үлүшү Чүй (24,2%), Жалал-Абад (19,1%), Нарын (17,9%), Ысык-Көл (13,3%) облустарынын жана Бишкек шаарынын (19,5%) ишканаларынын жана мекемелеринин кызматкерлерине туура келет.

Белгилеп кетсек, бул көрсөткүчтөр чакан бизнеске тиешелүу эмес.

Ишканалардын жумушчуларга болгон карызынын кыскарганына карабастан, өлкөнүн айрым аймактарында карыздын көбөйүшү байкалууда. Мисалы, Нарын облусунда ишканалар төлөнбөгөн эмгек акы боюнча милдеттенмелерди 1,9 эсеге, Жалал-Абад облусунда 30%га, Бишкек шаарында 2,5%га жогорулаткан.

Мындан тышкары, республика боюнча ушул жылдын март айына салыштырмалуу апрель айында эмгек акы боюнча карыз 18,1%га өскөн.