Жумуртканын, сабиздин жана күн карама майдын баасы арзандады

26 июля 2021, 09:40

Кыргызстанда акыркы айда буудай унуна, нанга, козу, уйдун этине жана бензинге баанын өсүшү байкалган. 

Баа кумшекерге - 3,1%, тазаланган күн карама майына - 1,9%, картошка менен сабизге - 22% га чейин, тооктун жумурткасына - 2,3% төмөндөгөн.

1 жана 2-сорттогу буудай уну менен нанга - 5,4% га чейин, козу жана уй эти - 3,7% га чейин, бензин А-80 - 7,5%, АИ-92 - 7,6%, дизель майы - 5,8% кымбаттады.

Кыргызстандагы инфляциянын жогорку деңгээли биринчи кезекте Кыргызстандын товарларды өндүрүүчү өлкөлөргө - Казакстан, Беларусия, Орусияга импорттук көз карандылыгы жана бул өлкөлөрдө баалардын кескин өсүшү менен байланыштуу экендиги белгиленди. Башкача айтканда, инфляциянын деңгээлине азык-түлүк товарларынын, айрыкча бизге сырттан келип жаткан азык-түлүктөрдүн кымбатташы таасир эткен.