Чанг Ан банкы микрофинансы компаниясына айланды

14 июня 2019, 15:40

«Чанг Ан» Инвестициялык банкы  ЖАК  эми «Чанг Ан»  ЖАК микрофинансалык уюмуна айланды. Мындай чечим 13-июнда акционерлердин жыйыныда кабыл алынды. 

Жыйында кворум болуп 100% акционерлер катышкан. 

Жыйындын жыйынтыгы боюнча  «Чанг Ан» ЖАК юридикалык макамы эми микрофинансалык уюм болуп өзгөрдү.  Ошондой эле, бизнес-планы менен жабык акционердик коомдун түзүмү бекитилди. 

Акционерлер «Чанг Ан» микрофинансы уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлашты. Директорлор кеңешинин төрагасы болуп, Алишер Мамасаидов шайланып, директорлор кенешине — Айсулу Жусупова  менен Бермет Нурматова кирген. 

Анткени, мурдагы директорлор кеңешинин ыйгарым укутарынын мөөнөту аятаган.  «Чанг Ан» микрофинансалык уюмунун төрагасы болуп  Дамир Жунушалиев шайланса, анын орун басары Сардар Асылбеков болду. 

Эскерте кетели, «Акчабар» буга чейин  Чанг Анг ( Чанг Ан банк станет микрофинансовой компанией) микрофинансалык уюм болуп өзгөрөт деп жазганбыз.  Анткени банк Улуттук банктын 2018-жылдын 1-июлундагы  баштапкы капитал  600 млн сом болсун деген талабын аткара албай койгон.