Социалдык фонд пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексация кылат

23 сентября 2022, 10:46

Социалдык фонд 1-октябрдан тартып 2022-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексация кылат. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти 1,15ке чейин жогорулады.

Ошондой эле Социалдык фондго пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн өз убагында кайра эсептөөнү жана аларды жаңы өлчөмдө төлөп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170 сом өлчөмүндө белгиленген.