Социалдык фонд ишканалардын акционери катары кирешесин 1 млн $ ашык  толуктады

8 января 2020, 11:10

2019-жылы Кыргызстандын Социалдык фонду, фондко тийиштүү болгон ишканалардын акционери катары 1 млн 237.5 миң доллар (86 млн 22.9 миң сом) алды. 

2019-жылдын жалпы кирешесинин ичинен, баалуу кагаздардан түшкөн киреше 0.1576% түзгөн. 

Камсыздандыруу төлөмдөрүнөн  476.8 млн доллар (33 млрд 144 млн 294.3 миң сом) киреше келип түшкөн. 

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин депутаттары «КР Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджети жана 2021-2022-жылдардагы болжолдуу бюджет» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышкан. Бул документке ылайык, Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинде киреше -  57 млрд 892 млн 134.4 миң сомду, чыгаша 57 млрд 104 млн 965.8 миң сомду түзгөн.