Өз убагында алынбаган пенсияларды берүү мөөнөтүн узартуу сунушталды

15 декабря 2022, 14:00

Социалдык фонд өз убагында алынбай калган пенсияларды берүү мөөнөтүн узартууну сунуштады. Бул тууралуу парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди. 

Ал пенсионер Кыргызстандан көп убакытка чыгып кетсе пенсия чегерилбей каларын, ал кайтып келгенде акыркы үч жыл үчүн гана пенсия төлөнөрүн түшүндүрдү. 

Гүлнура Жуматаева өз убагында алынбаган 5 жылдык пенсияларды  төлөп берүүнү сунуштады.