Социалдык фонд активдерди алтын менен сактоону көздөйт

29 января 2021, 17:20

Социалдык фонд активдердин көлөмүн инвестиция үчүн кеңейтүүнү көздөйт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Өзүнүн демилгесинде фонд инвестициянын тизмесине тазаланган алтынды дагы киргизүүнү сунуштоодо. Фонддон белгилешкендей, пенсиялык топтоо узак мөөнөттү камтыйт, ошондуктан каражаттын бир бөлүгүн алтын менен сактоо ыңгайлуу. 

 

«Активдерди алтын менен сактоо пенсиялык тутумга имидж түзөт жана бул тутумга ишеним деңгээлин жогорулатуу керек», — деп мыйзам долбоорун негиздөө арызында белгиленген.