ЖК Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетин кабыл алды

20 декабря 2019, 11:00

ЖК депутаттары 19-декабрда, «КР Социалдык фондунун 2020-жылдагы бюджети жана 2021-2022-жылдардагы болжолдуу бюджет» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Социалдык фонддун 2020-жылдагы бекитилген бюджеттин кирешеси 57 млрд 892 млн 134,4 миң сом жана чыгаша 57 млрд 104 млн 965,8 миң сомду түздү. Ал эми 2020-жылы Социалдык фонддун бюджетинде 787 млн 168,6 миң сом ашыкча болоору белгиленди.

2020-жылы Социалдык фонд тарабынан пенсияга 22 млрд 7 млн 980,1 миң сом бөлүнөт.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонддун каржылоого 2020-жылы 2 млрд 569 млн 655,4 миң сом жумшалат.