Социалдык фонддун кол-борборуна 2 айда 8137 кайрылуу келип түшкөн

4 марта 2020, 17:00

Социалдык фонддун кол-борборуна январь-февраль айдын ичинде 8 миң 137 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат. 

Февралда кол-борборго 3 миң 416 кайрылуу келген. Андан сырткары официалдуу сайтка 727 электрондук кайрылуу онлайн жана офлайн режиминде келип түшкөн. 

КР Соцфондунун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.