Социалдык товарлардын баасын кармап туруу боюнча план бекитилди

19 февраля 2024, 09:20

Министрлер кабинетинин 2024-жылга карата социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына баанын өсүү темптерин ооздуктоо боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койду.

“Документ социалдык маанилүү товарларга болгон баанын өсүшүн ооздуктоо, туруктуулукту жана ички рынокту толтурууну камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле 2024-жылы ата мекендик өндүрүшкө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилеп кетсек, Министрлер кабинети буга чейин өсүмдүк майына, унга жана буудайга КНСти нөлгө түшүрүү, айрым товарларды (жем, пияз, минералдык жер семирткич ж.б.) экспорттоого чектөөлөрдү киргизүү сыяктуу бааларды турукташтырууга өбөлгө түзгөн чараларды көргөн.