«Соцконтракт» долбоорунун катышуучулары киреше ала баштады

31 января 2024, 12:45

"Социалдык контракт" долбоорунун катышуучуларынын дээрлик 30%га жакыны айына 40 миң сомго чейин киреше ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, аталган программанын катышуучуларынын аракети менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшырууда.