COVID-19: атайын эсепке 138.5 млн топтолду

16 апреля 2020, 13:45

Саламаттык сактоо министрлигинин админстративдик эсебине түшкөн каражаттын суммасы - 125 млн 24 миң сомду түзүп, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине - 13 млн 503 миң сом топтолду. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат. 

Финансы министрлигинин Борбордук казынасы берген маалыматка ылайык, саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлигинин эсебине түшкөн каражаттын суммасы - 138 млн 527.8 миң сомду түзгөн. 

Белгилей кетсек, каржы министрлиги коронавирус менен каршы курөшүү учүн атайын эсеп ачакан. Эсепке физикалык жана юридикалык жарандар ыктыярдуу негизде  акча которо алышат.