Өткөн жылы үй-бүлөлөрдүн 28% дан ашыгы социалдык колдоого ээ болушту
Өткөн жылы коронавирустун жайылуусу көбөйгөн кезде үй-бүлөлөрдүн 28% дан ашыгы социалдык колдоого ээ болушкан, шаарларда - ар бир үчүнчү, айылдарда - ар бир төртүнчү үй-бүлө. Бул тууралуу статистикалык жыйнакта айтылат.
Социалдык колдоону алган үй чарбаларынын 79% дан ашыгы мамлекеттик органдардан алган. Аларга негизги жардам катары азык-түлүк топтому берилген.
Ошол эле учурда, азык-түлүк топтомун алган үй чарбаларынын 70% дан ашыгы анын көлөмүн жетиштүү деп баалашкан жана 78% дан ашыгы тамактын сапатын жакшы деп белгилешкен.