Социалдык кызматкерлер жана дарыгерлер жаш курагына карабастан «Спутник V» вакцинасы менен эмдөөдөн өтүшөт

25 июня 2021, 16:00

Социалдык жана медициналык кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын жаш курагына карабай ала алышат. Бул маалыматты "Акчабарга" республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

Ошондой эле, аталган борбордун сайтында 60 жаштан өткөн адамдар гана "Спутник V" вакцинасы менен эмделе алаары көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, тургундар COVID-19га каршы вакцина алуу үчүн катталган жерине карабастан, каалаган эмдөө борборуна кайрыла алышат. 

Эмдөө пунктунун даректери:

  • Бишкек шаарында: № 1, 2, 3, 5, 6, 7, 8 үй-бүлөлүк медицина борборлору;
  • Чүй облусунда: Кант, Кара-Балта Токмок жана Сокулук, Кемин, Аламүдүн, Москва жана Панфилов райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлоруна барса болот.