Ысык-Көлдөгү күн электр станциясы 2024-жылы иштей баштайт

4 мая 2023, 16:01

Улуттук инвестициялык агенттик менен "Күн Булагы" ЖЧКсы Ысык-Көл облусунда жалпы кубаттуулугу 50 мегаватт болгон күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Долбоордун алдын ала инвестициясы 35 миллион долларды түзөт.

"Күн Булагы" күн электр станциясын 2024-жылдан кечиктирбестен ишке киргизүүгө ниеттенүүдө жана жылына кеминде 80 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүнү камсыз кылат", - деп белгилейт Улуттук агенттик.