УБ: Сомдун наркы доллар, рублга карата төмөндөп кетти

3 апреля 2020, 11:30

Валюталар курсунун 3-апреледги маалыматы боюнча сомдун рублга карата наркы 4.87% төмөндөп, 1 сом - 1.0895 рублду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Маалыматка ылайык, АКШ валютасына карата сом 3.28% төмөндөдү. 3-апрелдеги официалдуу курс боюнча: 1 доллар - 84.89 сомду түздү. Кошумчалай кетсек, комерциялык банктар долларды 84.7 сомдон 85 сомго чейин сатып жатышат. Курстун наркы 2-апрелде жогорулап, КР УБ валюта рыногуна 14.2 млн доллар менен кайрадан интервенция жасаган. 

Ал эми европа валютасы менен казак теңгесине карата сом 2.93% жана 3.49% төмөндөп кеткен. Жыйынтыгында евронун сомго карата официалдуу курсу 92.7 сомду, теңге - 0.1897 сомду түзгөн. 

Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктарда евро - 90 сомдон сатылып алынып, 95 сомдон  сатылып жатат.