Сом доллардан башка бардык валюталарга карата алсырады
Кыргызстандын Улуттук банкы 27-апрелге валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, АКШ долларынан башка бардык негизги валюталарга карата сомдун курсу алсырады.
Евро 0,02%, рубль 0,04% жана теңге 0,26%га кымбаттады.