Сом рублдан тышкары бардык негизги валюталарга карата түштү

4 ноября 2022, 16:17

Улуттук банк 5-ноябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тиешелүү мекеменин сайтына жарыяланды.   

Маалыматка ылайык, сом рублга карата 1,3514 сомду түзүп, 0.02%га көтөрүлдү.   

Евро жана доллар тиешелүүлүгүнө жараша 0,39% жана 0,32% кымбаттады.

Теңге 0,17%га жогорулап, 0,1809 сомду түздү.