Сом еврого карата 0,49% арзандады

8 декабря 2022, 16:14

Улуттук банк 9-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Ага ылайык, сомдун курсу еврого карата 0,49%га төмөндөп, 89,4259 сомду түздү.

Казак теңгеси да сомго карата 0,28%га бекемделип, 0,1799 сом болду. 

Кошумчалай кетсек, рубль улуттук валютага карата 0,98% түшүп, 1,3522 сомго бааланды. 

АКШ доллары бир аз төмөндөп, 84,9491 сомду түздү.