Сом негизги өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарына карата алсызданууну улантууда

23 декабря 2021, 18:05

Улуттук банктын 24-декабрга карата расмий курсуна ылайык, сомдун евро, рубль жана теңгеге карата арзандоосу уланууда. Бирок америкалык валюта бир аз позициясын жоготту.

24-декабрга карата сом рублга (+ 0,58%) жана еврого (+0,36) карата эң арзандады. Ошентип, бүгүнкү күндө расмий алмашуу курсу мындай: 1 рубль 1,1559 сом жана евро 95,9329 сом.

Сом казак теңгесине карата да 0,15%га алсыздап, 0,1954 сомду түздү.

Мында сом АКШ долларына карата бир аз бекемделди.