Сом долларга карата 0,55% арзандады. Улуттук банктын курсу

6 декабря 2022, 16:13

Улуттук банк 7-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, сомдун курсу АКШ долларынан башка бардык негизги валюталарга карата бекемделди. Ал эми доллар сомго карата 0,55%га кымбаттап, 84,9156 сомду түздү.

Рубль 0,29% төмөндөп, 1,3558 сомго бааланды.

Теңгенин курсу 0,11%га арзандап 0,1798 сомду түздү, ал эми евро 0,05%га арзандап 89,0892 сомду түздү.