Сом еврого карата 3,15% арзандады. Улуттук банктын курсу

9 ноября 2022, 16:08

Улуттук банк 10-ноябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекеменин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, сом еврого карата дароо 3,15% төмөндөп, бир евро 84,7016 сомду түздү. Ал эми доллар 0,18%га жогорулап, 84,1504 сом болду.

Рубль 0,58%га арзандап 1,3435 сомго бааланды, ал эми теңге 0,11%га арзандап 0,1807 сомду түздү.